2020-жылдын 30-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
115 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 30-январынан 31-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 28-январь күнү №02-34/67-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 30-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2020-жылдын 29-январь күнү саат 02:53тө Виноградный көчөсүндө жайгашкан ишканага таандык кампадан өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен кампанын болжол менен 2500 м2 аянты жана кампанын ичинде жайгашкан контейнер,  Урал үлгүсүндөгү унаа, унаанын тетиктери ошондой эле кампада сакталуучу төшөнчөлөр күйгөн.

Жабыркагандар жок.

КР ӨКМнин ККББнын ыкчам  тобу, Штаб, Октябрь райондук №5 АӨКБдан 2 бөлүм, 1 авто шаты, Свердлов райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм, №3 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №8 АӨКБдан 1 авто шаты тартылган. Мындан сырткары ИИМден 11 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, Бишкек суу канал ишканасынан 2 даана суу ташуучу унаа тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 06:23тө чектөөгө алынып, саат 12:42де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     2-АӨКБ

1 б

1 19:02 19:12 19:20 19:55 21:03   Свердлов району, Эне-Сай конушу, Эне-Сай-2 көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.     4-АӨКБ

1 б

1 20:00 20:02 20:03 20:12 20:24   Ленин району, Асаналиев көчөсү менен темир жолдун кесилишинде мицубиси Лансер үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Ош шаары

3.     85-ӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

 

1 21:20

 

21:27

21:23

 

21:36

21:40 22:10 22:47

 

22:32

  Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу темир жана шифер жабылган унаа оңдоочу жай менен кийим тигүүчү цехтин 20 чарчы метр чатыры жана 8  чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

4.     15-ӨКБ

1 б

 

1 09:46 10:12 10:16 10:21 11:26   Москва району, Сретенка айылы, Борбродук көчөсү, жолдун боюнда Мазда Демио үлгүсүндөгү  жеңил унаасы толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     3-АӨКБ

1 б

1 00:40 00:53 02:08 04:16 04:29   Аламүдүн району, Аламедин айылы, Суворов көчөсү, ЖЧКнын аймагында жалпы аянты 50 чарчы метр болгон курулуш вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

6.     12-АӨКБ

1 б

1 12:57 13:03 13:07 13:20 13:40   Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Джупас көчөсү, турак үйдүн жанында жайгашкан ТП-005 трансформатору толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     64-ӨКБ

1 б

 

1 03:19 03:23 03:42 04:15 05:36   Араван району, Али-Анаров айыл аймагы, Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 96 чарчы метр болгон азык-түлүк дүкөнү толук күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     39-ӨКБ

1 б

 

1 12:30 12:32 12:35 12:58 13:10   Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Октябрь көчөсү, турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1ствБ
9.     15-АӨКБ

1 б

1 17:30 17:34 18:05 19:35 20:05   Каракол шаары, Шахматов көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.                     36-ӨКБ

1 б

 

1 01:42 01:58 02:03 02:53 03:30   Жети-Өгүз району, Саруу айылы, Мамажан көчөсү, турак үйдүн короосунда жыйылган 120 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

11.                     78-ӨКБ

1 б

1 14:34 14:40 14:48 15:16 15:22   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, Наваи көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 21 чарчы метр чатыры жана 40 түк саман күйгөн. Өрттун себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ

Нарын облусу

12.                     43-ӨКБ

1 б

1 16:19 16:40 16:54 17:12 17:40   Жумгал району, Беш-Терек айылы, Дүйшөналиев көчөсү, турак үйдүн 28  чарчы метр пластик шыбы жана 1 даана жумшак керебет күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Баткен облусу

13.                     108-ӨКБ

1 б

1 16:43 16:52 18:21 18:37 19:24   Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Кулунду айылы, Макаренко көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 128 түк чөп жана 15 боо жүгөрү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.                     62-ӨКБ

1 б

1 04:58 05:06 05:45 07:02 07:12   Кызыл-Кыя шаары, Солнышка көчөсү, турак үйдүн 20 чарчы метр ашканасы жана уктоочу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1953-жылы туулган аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here