2020-жылдын 30-января саат 16:34тө Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.