Ош облусунун Ноокат районунда өрттөн сактануу боюнча үгүт иштери жүргүзүлдү

0
77 просмотров

2020-жылдын 24-28-январь күндөрү КР ӨКМнин Ош облусунун Ноокат районунун өрт кырсыгынын алдын алууда тармагындагы адистер тарабынан райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте Ноокат райондук ӨКБнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы орто мектептерде  “Өрт чыкса эмне кылабыз?» аталышында лекциялар өткөрүлдү.

Анда Балапан, Саламат бала бакчаларында жалпысынан 377 бала, билим берүү мекемелеринде 955 окуучулар жана тарбиячылар, мугалимдер «Өрт чыкса эмне кылабыз?», «Өрт деген эмне?» жана «Мектепте өрт чыкса…» деген темада практикалык машыгуулар өткөрүлүп «Ай-гай» көтөрүп, өрт өчүрүүчү каражаттарды иштетүүнүн жол-жоболорун үйрөнүү менен бирге керектүү маалыматтар менен камсыз боло алышты.

Кошумчалай кетсек, өрт кырсыгын алдын алуу максатында Ноокат райондук Электр тармагынын кызматкерлерине 2 сааттык түшүндүрүү сабактары жүргүзүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here