Сузак районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иш-чарлар боюнча маалымат

0
144 просмотров

2020-жылдын 29-январь күнү КР ӨКМнин Жала-Абад облусунун Сузак району боюнча өкүлдөрү, өрт коопсуздугунун эрежелери жана кышкы от жагууда коопсуздук эрежелерин сактоого багытталган түшүндүрүү иш аракеттери болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан, Сузак районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери өрт коопсуздук эрежелерин сактоодо өздөрүнүн коопсуздугу үчүн керектүү маалыматтарды ала алышты.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагында жайгашкан турак жай ээлерине кыш мезгили өрт болуп кетүү коркунучу бар мезгил болуп саналаарын баса белгилеп, кырсыктын алдын алууда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here