1-7-февралдарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

0
77 просмотров

1-2-февралдарда жана 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.  Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 4-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 3-февралда күндүз жана 4-февралда тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-февралда күндүз жана 7-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here