2020-жылдын 31-январы саат 08:00 карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
87 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 31-январы күнү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 28-январь күнү телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 31-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

  Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 30-январь күнү саат 16:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды  өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары

1.     85-ӨКБ

1 б

1 09:06 09:08 09:12 09:17 10:04   Шакиров көчөсү, унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ош облусу

2.     13-АӨКБ

1 б

1 б

102-ӨКБ

1 б

1 15:03

 

15:12

 

15:20

15:09

 

15:20

 

15:31

15:34 15:48 16:24

 

16:16

 

16:24

  Кара-Суу району, Нариман айыл аймагы, Нариман айылы, Орозбаев көчөсү, эки кабаттуу турак үйдүн 180 чарчы метр 5 бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
3.     64-ӨКБ

1 б

1 б

1 03:16

 

03:46

03:33

 

03:58

04:35 07:10 07:56

 

07:56

 

  Араван району, Анаров  айыл аймагы, Көк-Желет айылы, Ош-3000 көчөсү, жыгач  устундуу шифер жабылган 198 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин  бузулушу. 1ствБ

Чүй облусу

4.     21-АӨКБ

1 б

1 12:23 12:32 12:45 12:55 13:45   Чүй району, Чүй айылы, Береговая көчөсү, сарайдын ичинде 20 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     15-ӨКБ

1 б

1 14:47 14:55 15:19 15:35 15:50   Москва району, Беловодский айылы, Фрунзе көчөсү жайгашкан имараттын 1 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
6.     27-АӨКБ

1 б

1 14:59 15:05 тастыкталган жок 15:38   Ысык-Ата району, Кант шаары, 1-кичи району, турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары:

Ош шаарында куткаруучулар Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №7 Нариман атындагы орто мектебинин кароолканасынын жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында куткаруучулар “Ибрагимов”  ЖЧКнын шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.  

Чүй облусунун Токмок шаарында куткаруучулар Комсомол көчөсүндө жайгашкан №70 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here