Ат-Башы жана Кочкор райондорунда калк арасында өрт коопсуздук эрежелерин жайылтуу уланууда

0
61 просмотров
smart
smart
smart
smart

КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы жана Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан балдардын от менен ойноосунун алдын алууга карата Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Ш. Рысмендеев атындагы орто мектебинин жана Ат-Башы районунун 1-май айылындагы Т.Тынымбаев атындагы, Ат-Башы айылында жайгашкан Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектептеринде жалпы 166 окуучусуна лекция түрүндө түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Өрт чыгып кетүү коркунучу жогору болгон Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы “Газпром” май куйуучу жайынын 4 кызматкерине, Кочкор айылындагы “Эмир” май куйуучу жайынын 2 кызматкерине өрт коопсуздугун сактоо жана алдын алуу боюнча инструктаждар өткөрүлдү.

Ошондой эле, эл көп топтолуучу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында Кочкор жана Ат-Башы райондорунда жайгашкан автобекеттерде, базарларда кошумча маалыматтар берилди.

Кышкы от жагуу мезгилинде турак үйлөрдө өрт коопсуздугун сактоо боюнча турак үйлөргө атайын брашюралар таратылды.

Аталган иш-чаралардын максаты кыш айларындагы өрткө  кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу жана жаш өспүрүмдөрдү өрт кырсыгы боюнча түшүнүктөрүн жогорулатуу аларды өрт коопсуздук эрежелерине үйрөтүү болуп эсептелинет.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here