Атайын машыгуу тууралуу маалымат  

0
60 просмотров
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин  протоколдук тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 30-январында “Атайын машыгуу өткөрүү жөнүндө” буйругу чыгарылып, жер-жерлерде чека ара постторунда коңшу мамлекеттен келген адамдарды коронавирус инфекциясына текшерүү, бейтапканалга жеткирүүнү жана башка иш-аракеттерди уюштуруу боюнча атайын машыгуулар өткөрүлүүдө.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун имаратында (Бишкек шаары, Осмонкула №128) КР ӨКМдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын машыгууларды жалпы координациялоо уюштурулуп жатат.
Жалпысынан атайын машыгуу эки сутка болоору мерчемделүүлөдө.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here