Кар көчкүсүн мажбурлатып түшүрүү иш-чаралары

0
64 просмотров

2020-жылдын 30-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрдү, натыйжада  16 050 м3 кар көчкү түшкөн. Жолго 13050 м3 кар көчкү түшүп, №9 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Унаа жол бир тараптуу жабык, тазалоо иштери бүткөн соң ачылат. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 31-январь күнү улантылат.

Иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу гана жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат.КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт. Иш-чара жүрүп жаткан участокко унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилет (ошол гана участокко,маселен 250 чакырымда), жумуш бүткөн соң чектөө алынат, толугу менен Бишкек-Ош автоунаа жолу жабылбайт.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here