2019-жылы өрт кырсыгынын саны 17,7 % кыскарып, тилсиз жоодон 65 адам куткарылды

0
65 просмотров

      Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кыш мезгилилинде өрт кырсыгы келип чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги, калктуу конуштарда мешти туура пайдалануу, суук мезгилдерде жылытуучу электр приборлорун туура колдонуу жана өрт кырсыгынын алдын-алууга багытталган аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.

 Маселен, бүгүн 5-февраль күнү КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калктуу конуштарда кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аталган иш-чаралардын максаты – кыш айларындагы өрткө кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат. Аталган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө.

Статистикага кайрылсак 2019-жылдын 12 ай ичинде Республика боюнча 3955 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 4808) өткөн жылга салыштырмалуу өрт – 17,7% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 855 млн. сомдон ашык болду (2018-жылы 843 млн. сом), өрттүн кесепетинен 50 адам каза таап (2018-жылы 59 адам) жана 65 адам жабыркаган (2018-жылы 54 адам), анын ичинде –11 жаш бала. Өрттөн 65 адамдын өмүрү сакталып калган (2018-ж. 74 адам).

Өрттүн келип чыгуусунун негизги себептери:

  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -38,3 %
  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -31,2 %
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -7,2 %
  • балдардын от менен ойноосунан -6,5 %, өрт кырсыгы болду.

Өрт болгон негизги объектилер:

  • турак жай сектору -52,4%
  • ачык аянттар -21,6 %
  • унаа, гараж, турук (стоянка) -7,9 %
  • кампалар, соода бөлмөлөр -4,7 %.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (1176) жана 18 адам каза болгон, Бишкек ш. (830) жана 12 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (488) жана 7 адам каза болгон, Ош облусунда (425) жана 3 адам каза болгон , Ысык-Көл областында (268 ) 3 адам каза болгон. Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (2073), ал эми өрттөн 45 адам каза тапкан.

ӨКМ төмөнкү эрежени сактоону эскертет:

  • от жагуучу мезгилге чейин  мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо менен бирге бузук мештерди жана морлорду колдонбоо;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) иштетпөө;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоо;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабоо;
  • балдарды кароосуз калтырбоо;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, үналгы, сыналгы, газ плиталарын кароосуз таштабоо;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоо;
  • тамеки чегүүдө өрт коопсуздугун эске алуу.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here