Жумгал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

0
33 просмотров

      Жумгал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү райондогу Чаек айылында коопсуздук чаралар боюнча элге түшүндүрүү иштерин аткарды. Атайын кызматкерлер эл көп топтолгон жайларда, атап айтканда: мектеп, бала-бакчаларда, жеке мекчик турак үйлөрдө, соода сатык кылуучу дүкөндөрдө, май куюучу жайларда, эл көп чогулган муз аянтчаларда, муз тебүүдөгү коопсуздук эрежелери, өрттү алдын алуу, болтурбоо, кыш мезгилиндеги от жагуу дагы, өрткө каршы эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

        Ошондой эле, турак үй ээлерине 70 жерде атайын сунуш кагаздары жана коопсуздуктарды сактоо боюнча маалыматтар камтылган атайын таркатмалар берилди. Түшүндүрүү иштерине жалпысынан 325 адам тартылды.

    Кошумчалай кетсек, ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын атайын буйругуна ылайык, облустагы бардык тиешелүү башкармалыктар элге ар кандай коопсуздук чаралар боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүп жатышат.

Print Friendly, PDF & Email