2020-жылдын 11-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
48 просмотров
  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 11-12-февралында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 11-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

 11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Каттуу жаан-чачын  жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

 2020-жылдын 11-февралынан 13-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Алдын ала маалыматка ылайык, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 7-февраль күнү №02-34/107-Т жана 10-февраль күнү №02-34/114-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

11-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

 Чаткал району, 2020-жылдын 10-февраль күнү саат 08:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500м3 жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 3500м3 кар көчкүлөрү түшүп, унаа жолдор жабылган. Жабыркагандар жок.

Тартылган күч жана каражаттар: №27 ЖТИден 4 бульдозер, 1 грейдер, 2 жүктөгүч жана 12 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында саат 15:30да унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылган.

 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 80-90-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500м3 жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 2300м3 кар көчкүлөрү түшүп, унаа жолдор жабылган. Жабыркагандар жок.

Тартылган күч жана каражаттар: №27 ЖТИден 4 бульдозер, 1 грейдер, 2 жүктөгүч жана 12 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында саат 20:20да унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылган.

 Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып тургандагына байланыштуу, Чаткал РМАнын башчысы-акимдин 2020-жылдын 10-февралынын №17-Б буйругунун негизинде Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда саат 19:00дөн тартып саат 07:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрүнө, аба ырайы турукташканга чейин убактылуу чектөө киргизилип турат.

 Ошондой эле, аталган унаа жолдун 38-чакырымында (Терек-Сай тилкеси) жана 105-чакырымында (Кызыл-Бел айылы) КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулган.

4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     6-АӨКБ

1 б

1 07:02 07:06 07:18 07:30 07:44   Ленин району., Дэн-Сяопин проспектиси, “Кочевник” кафесинин офис бөлмөсүндө төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     28-АӨКБ

1 б

1 12:12 12:20 13:01 13:20 14:15   Ленин району, Арча-Бешик конушу, Жеңиш көчөсү, Турак үйдүн ашкана бөлмөсүндө кыска толкундуу меш, чайник жана ашкана эмереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     8-АӨКБ

1 б

1 17:38 17:50 18:00 18:15 18:53   Биринчи Май району, Көлмө конушу, Максат көчөсү, Турак үйдүн бөлмөсүнүн 10 чарчы метр жыгач шыбы, төшөнчүлөр жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын  колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
Ош шаары
4.     12-АӨКБ

1 б

1 00:53 00:55 00:56 01:03 01:09   Ош шаары, Алиева көчөсү, Таштанды таштоочу контейнерде  6 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
5.     27-АӨКБ

1 б

1 10:37 10:43 10:53 11:09 11:35   Ысык-Ата району, Кант шаары, Гагарин көчөсү, Сарайдын ичинде 12 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.     24-АӨКБ

1 б

21-АӨКБ

1 б

1 12:25

 

12:26

12:42

 

12:48

12:56 13:30 14:00

 

14:00

  Чүй району, Садовый айылы, Биринчи Май көчөсү, Турак үйдүн уктоочу бөлмөсүнүн 16 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
7.     27-АӨКБ

1 б

1 23:32 23:36 23:48 23:58 00:12   Ысык-Ата району, Кант шаары, Москва көчөсү, Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 8 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.     65-ӨКБ

1 б

1 14:50 14:57 15:05 15:18 15:38   Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 568 чакырымында 5 сотык камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.     30-ӨКБ

1 б

1 16:59 17:22 17:30 18:05 19:03   Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Квартал-3 тилкеси. Сарайдын 24 чарчы метр чатыры, 20 боо жүгөрү сабагы жана 15 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

10.                     33-ӨКБ

1 б

1 19:28 19:30 19:38 19:50 20:19   Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Стаханов көчөсү, Короодо 8 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

11.                     52-ӨКБ

1 б

1 20:31 20:51 21:00 21:38   Сүлүктү шаары, Бөкөнбаев көчөсү, Турак үйдө газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here