2020-жылдын 12-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
105 просмотров

Шашылыш билдирүү

2020-жылдын 12-13-февралында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

2020-жылдын 12-февралынан 13-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Алдын ала даярдыктардын негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

2020-жылдын 12-февраль күнүнө карата Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 11-февраль күнү саат 14:53тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын районунун Кара-Үңкүр, Лесхоз, Оттук айылдарында 3,5 балл, Казан-Куйган айылында 3 балл, Эмгекчил жана Куйбышов айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ош шаарынын Молдониязов көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып берүүгө 4 куткаруучу тартылган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында (Итагар тилкеси) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы КР ӨКМнин 3 куткаруучу Камаз унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып беришкен.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок.
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     7-АӨКБ

1 б

1 АШ

штаб

1 13:26

 

13:26

14:00

13:37

 

13:47

14:00 15:36 14:33 Свердлов району, Аламедин-1 кичи району, Уктоочу бөлмөдө электр жылыткычы жана сыналгы күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1938-жылы туулган аял түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ

1зв

ГДЗС

2.     7-АӨКБ 1 б

5-АӨКБ

1 б

ШТАБ

161

1 17:53

 

17:59

 

18:09

18:12

18:16

18:00

 

18:10

 

18:21

18:25

18:26

18:52

 

 

 

20:20

 

 

 

19:58

 

20:55

 

21:27

21:34

18:51

Октябрь району, Исакеев көчөсүндө жайгашкан имаратта жалпы аянты 250 чарчы метр болгон ашкананын чатыры, 1-2-кабаттын жыгач шыбы жана үй-тиричилик эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

2ствБ

3.     6-АӨКБ

1 б

1 21:57 22:08 22:21 22:29 00:05 Ленин району, Ак-Ордо конушу, Гагарин жана Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде “БМВ” үлгүсүндөгү жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада унаалардын кыймылдаткыч бөлүктөрү күйгөн.  Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам (3 эркек жана 1 аял, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.     6-АӨКБ

1 б

1 03:28 03:33 03:52 04:11 04:20 Биринчи Май району, Волков көчөсү, Бөлмөдө сыналгы  жана 10 чарчы метр туш кагаздары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош шаары

5.     29-АӨКБ

1 б

1 18:28 18:37 18:38 18:54 19:27 Ош шаары, Амир-Тимур кичи району, Талас көчөсү, Турак үйдүн чатырында морунун жанында 1 устун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

6.     36-ӨКБ

1 б

15-АӨКБ

1 б

1 09:15

 

10:00

09:32

 

10:58

10:20 15:00 15:25

 

20:20

Жети-Өгүз району, Дархан айылы, Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 200 чарчы метр чатыры жана ичинде жыйылган 400 түк чөп, 1 тонна жем, 1 боз үй жана 4 чатыр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

7.     22-АӨКБ

1 б

1 19:00 19:03 19:06 19:12 19:20 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Фрунзе жана Кожомбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тойота-Сурф” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ош облусу

8.     53-ӨКБ

1 б

1 11:20 11:30 11:40 12:20 13:04 Өзгөн району, Өзгөн шаары, Дружба Народов көчөсү, Турак үйдүн бөлмөсүнүн 4 чарчы метр шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.     25-АӨКБ

1 б

1 б

1 12:12

 

12:27

12:25

 

12:45

12:50 14:00 14:52

 

16:16

Кара-Суу району, Савай айыл аймагы, Кызыл-Шарк тилкеси, Таширов көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры, сарайдын 80 чарчы метр жана 200 түк беде күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствб
10.                     53-ӨКБ

1 б

1 05:25 05:27 05:29 05:32 06:25 Өзгөн району, Өзгөн шаары, Нариман көчөсү, Турак үйдүн жанында “Хюндай-Гетс” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана ички салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

ГПС-600

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here