Шашылыш билдирүү: аба ырайы кескин өзгөрүүсү күтүлөт!

0
144 просмотров

 13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.  Абанын температурасы төмөндөйт.

 2020-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрүүгө камданып  жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
— тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 номуруна чалыңыз, чалуу акысыз.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here