Өзгөчө кырдаалдар министринин иш-сапары уланууда

0
276 просмотров

 2020-жылдын 12-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш-сапардын алкагында төмөнкү кооптулугу бар деген аймактарды кыдырып чыкты:
— Араван районунун Маңгыт айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Араван-Сай дарыясынын оң жээгинин 100 метр аралыгын аска таштар менен бекемдөө;
— А.Анаров айыл аймагынын Жаны-Араван айылындагы Акта-Дөбө участкасы, Араван-Сай дарыясынын 100 метр аралгын бекемдөө;
— Ош ш. №3 “Сулайман-Тоо” мунициалдык аймактык башкармалыгынын Ленин жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун чыгыш тарабындагы жердин урап кетүү коркунучунда тураган кооптуу жер;
— №3 “Сулайман-Тоо” мунициалдык аймактык башкармалыгынын Касымбеков көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өткөн автоунаа өтүүчү көпүрөнүн төмөн жагындагы жээк эрозиясына кабылган 30-40 метр аралыктагы бөлүгү.

   Иш-сапардын алкагында тиешелүү тапшырмалар берилди. Кошумчалай кетсек, бүгүн 13-февраль күнү министр З.Аскаров облустун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы кооптулугу бар участкаларды кыдырууда.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курам жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунда жана Ош шаарында иш-сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдары катышууда.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here