Кооптуу аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
185 просмотров

  Жалал-Абад облусунун аймагындагы табигый жана техногендик кырсыктардан жабыр тартып көчүрүүгө сунушталган үй-бүлөлөрдүн саны 1994-2020-жылга чейин 3756 (3009 жер көчкүдөн) үй-бүлө бар. Анын ичинен 2304 үй бүлө коопсуз аймактарга биротоло көчүрүлгөн. Учурда облустун аймагында кооптуу участоктордо жалпысынан 1452 үй-бүлө жашап келет. 419 үй бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар болсо, 1033 үй бүлө жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй жашоосун кооптуу аймактарда улантып келүүдө.

 Калктын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына, шаарлардын мэрлерине, жергиликтүү бийлик органдарына ошондой эле кооптуу аймактарда жашаган үй бүлөлөргө коопсуз аймакатарга көчүрүү боюнча КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан, район, шаардык бөлүмдөрүнөн атайын эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.    

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here