Региондордогу кооптулугу бар аймактар боюнча маселелер жеринен каралууда

0
162 просмотров

 2020-жылдын 13-февраль күнү министр Замирбек Аскаров министрликтин Республикалык өзүнчө  куткаруу отрядын өздүк курамы, материалдык базанын абалы менен таанышып чыкты. Андан соң министр Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы кооптуу участкаларды кыдырып жатат.

  Маселен, министр Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя-1 участогуна 200 метр аралыкка курулган тосмого улап, кошумча 200 метр аралыкка суу тосмо куруу, Өзгөн шаарынын  Жаңы-Өзгөн кичи районунун жогору жагындагы Жазы дарыясынын оң жээгине жалпы узундугу 100 метрден болгон төрт тосмо куруу маселелерин тиешелүү башкармалыктын жетекчилер жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жеринен талкууланып, чечимдер кабыл алынууда.

  ӨКМнин башчысы Замирбек Аскаров коргоочу иштерди биринчи кезекте турак-жайларга коркунуч келтирген коопту тилкелерден баштоону тиешелүү жетекчидерге тапшырма берди.

 Министр жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылындагы Нура, Атакул чектеринде ӨКМ тарабынан курулган сел өткөрүүчү каналдардын чыгуусундагы суу жеп жаткан участокту, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Биймырза айылындагы АБЗ участогундагы турак жайларды коргоо максатында ӨКМ тарабынан 160 метр аралыкка курулуп жаткан объектини көрүп, Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана имаратынын абалы менен таанышып чыкты.  

 Андан соң министр Жалал-Абад облусундагы кооптулугу бар тилкелерди жеринен кыдырып чыгат.

 Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен  жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн региондордо иш-сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдары катышууда.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here