Түнкү өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
165 просмотров

 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 12-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучуларына, мектеп окуучуларына жана студенттерге өрттүн алдын алуу боюнча тарбиялык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндөгү” биргелешкен буйругун аткаруу максатында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан билим берүү мекемелери менен биргеликте Баткен  шаардык жана Баткен райондук ӨКБнүн №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүмү тарабынан Баткен районунун Самаркандек айылында жайгашкан №34 кесиптик лицейинин жатаканасында түнкү өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

 Машыгууга медицина кызматы жана коомдук тартипти камсыздоо  кызматынын кызматкерлери   тартылды.

 Иш-чаранын жүрүшүндө аталган кесиптик лицейдин кызматкерлери жана окуучулары өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы иш аракеттерди, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан куткаруу иштери, өрт кырсыгын жоюу боюнча маалыматтарга ээ боло алышты.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here