2020-жылдын 14-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
118 просмотров

Шашылыш билдирүү

2020-жылдын 14-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Алдын ала даярдыктардын негизинде, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 12-февраль күнү №02-34/123-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

14-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2020-жылдын 13-февраль күнү саат 10:00 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 5500м3 кар көчкүсү түшүп, жабыркагандар жок. Жерине КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, №27 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:50дө унаа жол толугу менен тазаланган.

Сейсмологиялык абал боюнча

 Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-февраль күнү саат 02:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3.5 балл, Икизяк, Эркештам айылдарында 3 балл, Көк-Суу айылында 2.5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
 

Чүй облусу

1.     15-ӨКБ

1 б

1 14:35 14:45 14:50 15:07 15:17   Москва району. Ак-Суу айылы, Полевая көчөсү. Турак үйдүн 2 чарчы метр жер төлөөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     27-АӨКБ

1 б

1 01:45 01:50 02:00 04:31 04:57   Ысык-Ата району. Кант шаары, Ташкент көчөсү. Турак үйдүн 64 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
 

Ош облусу

3.     66-ӨКБ

1 б

1 б

1 15:05

 

15:25

15:20

 

15:40

16:05 16:50 17:59

17:30

  Кара-Кулжа району. Баймырза айылы, Кундуз көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 100 чарчы метр чатыры жана 100 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 2ствБ
4.     104-ӨКБ

1 б

1 15:51 16:15 16:20 17:10 17:30   Ноокат району. Он-Эки-Бел айыл аймагы, Нарай айылы, Каратай көчөсү. Турак үйдүн 16 чарчы метр жыгач полу, шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     71-ӨКБ

1 б

1 22:50 23:00 23:08 23:15 23:35   Ноокат району. Гулистан айыл аймагы, Кара-Турпак айылы, Мирзабилал көчөсү. Турак үйдүн 2 чарчы метр мордун тегери жана короодо 500 кг тезек күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Баткен облусу

6.     62-ӨКБ

1 б

1 13:45 13:54 14:10 14:25 14:48   Кызыл-Кыя шаары. Караван айылы, У. Салиева көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларынын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
7.     75-ӨКБ

1 б

1 14:39 14:48 15:13 15:50 16:22  

Кадамжай району. Үч-Коргон айыл аймагы, Үч-Коргон айылы, Ата-Мамажан көчөсү. Турак үйдүн 20 чарчы метр  бир бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

 

                                     

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here