Аксы  районунда өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө

0
67 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Аксы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларына, мугалимдерине, ошондой эле район аймагында жайгашкан автоунааларга май куюуучу жайлардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери жана кышкы от жагууда өрт коопсуздуктарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 Мындан тышкары, район аймагында жайгашкан турак жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында Аксы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кышкы өрт кооптуу мезгил боюнча  турак жай ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here