Өрттү болтурбоо максатында машыгуулар жүргүзүлдү

0
172 просмотров

 КРнын ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айылынын орто мектебинде өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

  Иш-пландын негизинде окуучуларга жана мугалимдерге  өрт же өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү, куткаруу кызматына кырсык жөнүндө кабар берүү, отту туура эмес пайдалануудан келип чыгуучу өрт кырсыктары, баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.

 Андан сырткары, машыгууда Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун мүчөлөрү  балдарга биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү жана өрт учурунда жабыркаган адамга кандай жардам берүү керектиги тууралуу маалымат бере алышты. Жалпысынан 210го чукул окуучу жана 13 мугалим катышышты.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here