Кара-Кулжа районундагы Сагындык атындагы орто мектеби толугу менен күйүп кетти

0
1 068 просмотров

 2020-жылдын 17-февраль күнү 23:50 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы  Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылында жайгашкан Сагындык атындагы орто мектебинен өрт чыккан.

 Өрттүн кесепетинен мектептин болжол менен 500 чарчы метр аянты күйгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.

 Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган. Жолдун татаалдыгына жана аралык 122 чакырым болгондугуна байланыштуу 2020-жылдын 18-февралынын таңкы саат 07:40 минутада айтылган дарекке жетишкен.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here