2020-жылдын 19-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
109 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүү коркунучу сакталат!

 2020-жылдын 19-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 17-февраль күнү №02-34/136-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

2020-жылдын 19-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

 Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Куткаруу кызматтары боюнча маалымат:

 Ош шаарында Салиев көчөсүндө жайгашкан №62 үйдүн 25-батиринин жабылып калган эшигин куткаруучулар ачып беришкен.

 Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында  «Ниссан-Сефиро» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жол четине чыгып тыгылып туруп калган.

Жерине КР ӨКМнин КДМБдан 5 куткаруучу “КамАЗ” унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып беришкен.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3.  Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     4-АӨКБ

1 б

1 14:38 14:46 жеткенге чейин 15:29 Биринчи Май району, Киев көчөсү №114, подьезде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
2.     3-АӨКБ

1 б

1 17:12 17:28 17:34 17:53 18:08 Свердлов району, Фирсова көчөсү №132, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун  туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
3.     3-АӨКБ

1 б

1 23:56 00:08 тастыкталган жок 00:27 Свердлов району, Элебесов жана Дорожный көчөлөрүнүн кесилишиндеги  дүкөндөн чыккан өрт тастыкталган жок.

Ош шаары

4.     13-АӨКБ

1 б

1 13:10 13:17 13:20 13:45 14:12 Тажик көчөсү №70, турак үйдүн бөлмөсүнүн  20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун  туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
5.     12-АӨКБ

1 б

1 02:36 02:41 02:48 03:13 03:34 Базар көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдын ичи толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.     4-ӨКБ

1 б

27-АӨКБ

1 б

1 03:48

 

04:05

 

03:59

 

04:30

04:47 08:45

 

09:12

 

07:55

Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Солнечный көчөсү №12, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 250 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

7.     19-АӨКБ

1 б

1 б

1 00:00

00:58

00:20

01:10

01:37 02:05 02:19

02:36

Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсү №58, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры  күйгөн. Өрттүн себептери такталууда. 1ствБ

Ош облусу

8.     66-ӨКБ

1 б

АСМ-10 кут

1 23:53 07:40 07:45 07:55 18:10 Кара-Кулжа району, Кызыл-Жар айыл аймагы, Коо-Чаты айылы, жалпы аянты 500 чарчы метр болгон Сагындык атындагы орто мектеби толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     53-ӨКБ

1 б

1 13:21 14:00 15:20 15:30 16:14 Өзгөн району, Жазы айыл аймагы, Кайрат айылы, Кадыров көчөсү №60, жалпы аянты 216 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. кол каражат
10.                     103-ӨКБ

1 б

1 21:19 21:29 жеткенге чейин 22:00 Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Карыбеков көчөсү №31, турак үйдүн мору түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
11.                     13-АӨКБ

1 б

1 б

102-ӨКБ

1 б

1 23:24

23:33

 

23:24

 

23:47

00:14

 

23:54

 

00:12

 

02:50

 

03:51

03:15

 

03:54

Кара-Суу району, Катта-Талдык айыл аймагы, Баш-Булак айылы, Сулайман көчөсү №6, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 100  чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Жалал-Абад облусу

12.                     78-ӨКБ

1 б

1 17:45 17:55 17:59 18:46 18:57

Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, Комсомол тилкеси, Тажибаев көчөсү №28, турак үйдүн 24 чарчы метр ашканасы, 2 диван, 1 эшик, 2 пластик терезе, 1 шкаф толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here