Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы жүрүп жатат

0
38 просмотров

 Чүй облусунун Жайыл районунда 2020-жылдын 19-февралынан 26-февралына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137 чак. Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чак. Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында чыккан КР ӨКМнин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына (Төө-Ашуу ашуусу) жетишип, кар көчкүнү мажбурлап атуу иш-чаралары башталды. Ошого байланыштуу коопсуздук чараларын сактоо максатында, К.Көлбаев атындагы тоннели унаалардын бардык түрүнө саат 17:00 дөн баштап убактылуу жабылды. Эскерте кетсек, кар көчкүнү мажбурлап атуу иш-чарасы бүткөн соң тоннел кайра ачылат.

 Иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу гана жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

  КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат. КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт. Иш-чара жүрүп жаткан участокко унаалар үчүн  убактылуу чектөө киргизилет (ошол гана участокко, маселен 250 чакырымда), жумуш бүткөн соң чектөө алынат,  толугу менен Бишкек-Ош автоунаа жолу жабылбайт.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here