2020-жылдын 20-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
81 просмотров

Шашылыш билдирүү

2020-жылдын 20-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Атайын даярдыктар боюнча, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 17-февраль күнү №02-34/136-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

20-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.  Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлапатып түшүрүү иш-чаралары

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 19-февралынан 26-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

 Ошого байланыштуу 2020-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №2 буйрутмасы чыккан.

 2020-жылдын 19-февраль күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык  эсеби Чүй облусунун Аламүдүн районун Жетиген айылындагы 73809 аскер бөлүгүнөн саат 09:00дө чыгып, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 129-132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелге (Төө-Ашуу ашуусу) жетишип, кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын башташкан. КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:43төн саат 17:50гө чейин 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу)  снаряд атышып, 3750 м3 кар көчкү түшкөн. Саат 18:22ден саат 18:48ге чейин 133-135-чакырымдарында атылган снарядтан кар көчкү түшкөн эмес. Жалпы  3750 м3 кар көчкү түшкөн.

 Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу аяктап, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн дагы улантылат.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     4-АӨКБ

1 б

1 07:06 07:16 07:24 07:49 08:18 Ленин району, Пушкин көчөсү, Көмүр кампада 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби: заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү. 1ствБ
2.     8-АӨКБ

1 б

1 00:18 00:29 01:12 01:48 02:15 Биринчи Май району, П.Лумумбы көчөсү, Батирдин 30 чарчы метр дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

3.     102-ӨКБ

1 б

25-АӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

1 22:39

 

22:50

 

23:12

22:50

 

23:06

 

23:26

23:30 00:55 03:05

 

01:50

 

00:38

 

Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айылы, Усманов көчөсү, жыгач устундуу  тунуке жабылган мечиттин 300 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 4ствБ
4.     66-ӨКБ

1 б

1 00:05 00:12 00:35 00:50 01:38 Кара-Кулжа району,  Кара-Кулжа айылы, Аматов көчөсү, Турак үйдүн 24 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Чүй облусу

5.     2-ӨКБ

1 б

1 17:18 17:28 17:36 18:05 18:14 Панфилов району, Кайыңды шаары, Дорожный көчөсүндө кароосуз калган мекеменин 32 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.     7-АӨКБ

1 б

3-АӨКБ

1 б

1 22:02

 

22:04

22:18

 

22:16

22:44 23:02 23:57

 

22:58

Аламүдүн району, Восток айылы, Ленин көчөсү, орто мектебинин кийим чечүүчү бөлмөсүнүн 24 чарчы метр ДСП капталдары жана 18 даана матрац күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

7.     55-ӨКБ

1 б

1 14:59 15:01 15:06 15:22 15:28 Ноокен району, Масы айыл аймагы, Султанов көчөсү, Турак үйдүн 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     15-АӨКБ

1 б

1 19:01 19:05 19:08 19:10 19:44 Каракол шаары, К.Маркс жана Алыбакова көчөлөрүнүн кесилишинде  Мерседес-Бенц 190 үлгүсүнөгү автоунаанын мотору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

9.     75-ӨКБ

1 б

1 02:55 03:35 04:35 05:30 06:25 Кадамжай району, Чаувай айыл аймагы, Чаувай айылы, Көк-Жалан көчөсү. Жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here