Кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чарасы уланууда

0
274 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 19-февралынан 26-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

 Ошого байланыштуу 2020-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №2 буйрутмасы чыккан.

 2020-жылдын 19-февраль күнү кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык эсеби Чүй облусунун Аламүдүн районун Жетиген айылындагы 73809 аскер бөлүгүнөн саат 09:00дө чыгып, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 129-132-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы тоннелге (Төө-Ашуу ашуусу) жетишип, кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чараларын башташкан. КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:43төн саат 17:50гө чейин 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу)  снаряд атышып, 3750 м3 кар көчкү түшкөн. Саат 18:22ден саат 18:48ге чейин 133-135-чакырымдарында атылган снарядтан кар көчкү түшкөн эмес. Жалпы  3750 м3 кар көчкү түшкөн.

 Кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу аяктап, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан. Кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн дагы уланууда.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here