Ош облусунун мектептеринде өрт кырсыгынын алдын алуу  боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлүүдө

0
44 просмотров

КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кара-Кулжа районундагы Б.Бегиев, Ж.Жээнбеков, О.Сайдилханов мектептеринде өрт кырсыгы учурунда жана өзгөчө кырдаалдардын баардык түрлөрүндө кандай аракеттерди көрүү зарыл экендиги жөнүндө лекциялар өтүлдү.

Иш-чарага жалпысынан 283 окуучу жана 42 мектеп мугалимдери катышышты.

“К.Каримов”, “Парчабу эне” аталышындагы мектепке чейинки балдар бакчаларынын 21 тарбиячыларына «Эгерде өрт кырсыгы катталса сиз эмнелерди билүүңүз зарыл, сиз  тарбиялануучуларды сактоого даярсызбы?» деген темада лекция окутулуп, инструктаждар өтүлдү.

Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Жатан, Үч-Бай, Айбек айылдарында жалпысынан 272 турак үйдүн 300 жашоочуларына өрттү алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, А.Абдуллаев атындагы орто мектебинде жалпысынан 891ге чукул окуучулары, мектеп мугалимдери жана кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, практикалык «Айгай»  көтөрүлдү, ошондой эле “Бактылуу балалык таңы” аталышындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине өрттүн алдын алуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда, Ош облусунун бардык аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар уланууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here