Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Эл аралык эне тил күнү белгиленүүдө

0
143 просмотров

 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Бишкек жана Ош шаарларындагы жыйындар залында 2020-жылдын 21-февраль күнү салтанаттуу жыйын болуп өттү.

 Борбор тарабынан атайын иш-мерчем түзүлүп, “Манас” эпосунан үзүндүлөр, эне тил жөнүндө ыр саптар, макал-лакаптар, жана жаңылмачтар айтылып, кыргыз тилин келечек муунга жайылтуу, эне тилди барктоо, сактоо жана өнүктүрүү боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

 Ошондой эле учурда республикабыздын аймагында жашап жаткан тарыхы, тили жана маданий өзгөчөлүктөрү бар ар бир этностун өз ара карым-катышына шарт түзүү биздин маанилүү маселебиз экендиги түшүндүрүлгөн.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here