Кадамжайда өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
137 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын Кадамжай райондук ӨК бөлүмү тарабынан 2020-жылга бекитилген иш-мерчемдин негизинде 2020-жылдын 20-февраль күнү кечки саат 20:00дө Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан Көмөкчү жатак мектебинде түнкү өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

 Машыгууга Кадамжай райондук №75 өрт куткаруу бөлүгү, коомдук тартипти сактоо, медицина жана мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекция кызматтары тартылды. Машыгуунун жыйынтыгында өрттүн чыгуу себептери, өрт  кырсыктарын алдын алуу, кырсык учурунда кандай аракеттенүү, эвакуациялоо иштери тууралуу мекеменин мугалимдерине жана окуучуларына маалыматтар берилди.

 Иш-чарага жалпысынан  15 тарбиячы 120 окуучулар  катышты.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here