2020-жылдын 21-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
87 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Алдын ала даярдыктардын негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 17-февраль күнү №02-34/136-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

21-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.  Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырым) унаа жолунда 2020-жылдын 19-февралынан 26-февралына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу 2020-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №2 буйрутмасы чыккан.

2020-жылдын 20-февраль күнү кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын уюштуруу максатында, КР КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 10:20дан саат 10:40ка чейин 231-чакырымында (Итагар тилкеси)  снаряд атышып, 7500м3 кар көчкү түшкөн. Саат 11:25тен саат 11:40ка чейин 227-чакырымында (Ала-Бел ашуусу)  снаряд атышлып, 1680м3 кар көчкү түшкөн. Саат 12:45тен саат 13:13кө чейин 223-чакырымында (Ала-Бел ашуусу)  снаряд атылып, 6680м3 кар көчкү түшкөн. Саат 13:50дөн саат 14:11ге чейин 222-чакырымында (Ала-Бел ашуусу)  снаряд атылып, 4520м3 кар көчкү түшкөн. Саат 16:30дан саат 17:45ке чейин 246-чакырымда (Көчкү-Булак тилкеси) снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Жалпы 20 380 м3 кар көчкү түшкөн.

Кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу аяктап, КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө калышкан. Кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чаралары 21-февраль күнү улантылат.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 20-февраль күнү саат 21:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган.

Ктар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-АӨКБ

1 б

1 11:55 12:02 12:17 12:29 12:56  

Свердлов району, Маяковский көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 4 чарчы метр чатыры жана көмүр, отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

2.     22-АӨКБ

1 б

1 07:15 07:18 07:28 16:05 16:20  

Жайыл району, Кара-Балта шаары, Совет көчөсү, Жыгач устундуу тунике жабылган бастырманын 50 чарчы метр чатыры, 390 түк саман жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

3.     15-АӨКБ

1 б

1 14:34 14:44 14:50 15:13 16:04  

Кара-Кол шаары, Токтогул көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган  бастырманын 12 чарчы метр чатыры жана 2 кап отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош облусу

4.     68-ӨКБ

1 б

1 17:20 17:50 17:56 21:21 21:40  

Алай району, Ленин айыл аймагынын, Согонду айылы, Таш-Дөбө көчөсү, Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 165 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп  жана тиричилик шаймандары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

5.     55-ӨКБ

1 б

1 05:50 05:55 06:00 06:10 06:44  

Ноокен району, Масы айыл аймагы, Богот айылы, Токтогулов көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

2ствБ

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here