Биздин максат – Эне тилди өнүктүрүү жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо

0
325 просмотров

 “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” деп ЮНЕСКО тарабынан 1999-жылы кабыл алынып, жыл сайын белгиленип келе жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 17.01.2019 №09-04 чечимине ылайык, КРнын ӨКМнин 2020-жылдын 13-февралындагы чыгыш №02-34/127-Т телефонограммасыннын негизинде КРнын ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгындагы Токмок шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүндө эне тилди өнүктүрүүгө жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого жогорку деңгээлде масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

  Чүй облусу боюнча башкармалыктын офицердик курамы жана бардык райондук өздүк курамы арасында 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата ачык сабактар, тегерек стол жана талкуу уюштурулуп, эне тилди барктап сактоого үндөп дегеле ар бир кыргызстандык жаран үчүн маанилүү маселе экендиги түшүндүрүлдү.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here