Нарында мамлекеттик тил даңазаланды

0
129 просмотров

 Бүгүн КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгында 21-февраль Эл аралык Эне тил күнүнө карата өздүк курам менен жыйын болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Гимни менен салтанаттуу ачылып, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынган мезгилден тартып Министрликтин мамлекеттик тилди жайылтуу, мамлекеттик тилде ишти жүргүзүү саясатын Нарын облусу биринчилерден болуп баштагандыгын жана ишти алып барууда, айрым терминдердин мамлекеттик тилде колдонулушу артыкчылык кылып келээрин башкармалыктын башчысы полковник Токтобек Шонкоев баса белгилеп өттү.

 Жыйындын соңунда, алдыда келе жаткан 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналып, кызматкерлер милдеттерин ак ниет менен аткарып, жумушта өзүнүн артыкчылыктарын көргөзүп, ийгиликтерге жетишкен аскер кызматкерлерине кезектеги аскер наамдар министрликтин буйругу менен ыйгарылды.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here