2020-жылдын 24-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
78 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 24-25-февраль күнөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Алдын ала даярдыктардын негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 21-февраль күнү телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

24-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.  Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

 Чаткал районунда 2020-жылдын 23-февраль күнү саат 16:50 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-88-чакыр аралыктарында (Рават тилкеси) 8000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок. №27 ЖТИден 2 даана техника тартылып,  саат 20:40та унаа жол бир тараптуу ачылган. 24-февраль күнү саат 07:30да кеңейтүү иштери башталды.

Нарын облусу

Нарын шаарында куткаруучулар Чыгыш көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жер төлөөсүнө түшүп кеткен жылкыны чыгарып беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) «Мерседес-Гигант» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы КР ӨКМнин РӨКОнун 2-ӨИКОдон 2 куткаруучу Камаз унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып беришкен.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3.  Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-АӨКБ

1 б

1 04:01 04:06 04:12 04:17 04:22   Биринчи Май району, Чүй проспектиси жана Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде Ала-Тоо аянтында жарык берүүчү чырак күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ош шаары

2.     85-ӨКБ

1 б

1 04:03 04:13 04:26 05:09 05:49   Озгур айылы, Коңур-Жаз көчөсү. Жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Талас облусу

3.     100-ӨКБ

1 б

1 15:22 15:34 15:36 15:42 17:09   Манас району, Май айылы, Баялиев көчөсүндө “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ств

ГПС

600

Чүй облусу

4.     15-ӨКБ

1 б

1 21:40 21:46 22:20 22:30   Москва району, Беловодское айылы, Кыргызстанга 50 жыл көчөсү. Электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
5.     1-ӨКБ

1 б

1 04:50 05:00 06:25 08:20     Аламүдүн району, Ленинское айылы, Станицина көчөсү. Жалпы аянты 210 чарча метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6.     26-АӨКБ

1 б

1 11:04 11:06 11:15 11:52 13:05   Баткен шаары, Нургазиев көчөсү,  Дүкөндүн аянты 7,5 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.   2ствБ

Ош облусу

7.     12-АӨКБ

1 б

1 18:47 18:55 18:57 19:05 19:45   Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Жаңы-Турмуш айылы. Ашканада газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here