25-29-февралдарда жана 1-2-марттарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

0
53 просмотров

25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 25-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорундо жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 27-февралда күндүз жана 28-февралда түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 27-28-февралдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда күндүз жана 27-февралда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ыссык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here