Баткенде селдин алдын алуу иштери башталды

0
33 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу” иш-чарасынын негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылынын Кулан участкасында сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу жумуштары башталды.

Сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу үчүн КР ӨКМнен “бульдозер” БМ-10 инженердик техника тартылып, 2000 метр аралыкта иштөө жумуштары башталды.

Тазалоо иштердин натыйжасында Жаңыбак, Ортосай айылдарындагы турак жайларды  жана мектеп, бала бакчалар корголот.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here