2020-жылдын 25-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
91 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

2020-жылдын 27-28-февралдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

2020-жылдын 25-февралынан 29-февралына күндөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 24-февраль күнү №02-34/147-Т жана №02-34/148-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 25-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

2020-жылдын 23-февраль күнү саат 16:50 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-88-чакырым аралыктарында (Рават тилкеси) 8000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо иштерине №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер.

Тартылган техникалардын жардамында 24-февраль күнү саат 15:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.     8-АӨКБ

1 б

1 03:33 03:46 04:02 04:28 04:46   Биринчи Май району, Көлмө конушу, Үмүт көчөсү №11, турак үйдүн электр калканы жана 2 чарчы метр пенопласт дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. кол каражат

Чүй облусу

2.     7-ӨКБ

1 б

 

1 09:40 10:05 10:34 12:40 13:35   Сокулук району, Төмөнкү Чүй айыл аймагы, Садовый айылы, Полевая көчөсү, турак үйдүн 22 чарчы метр жыгач полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1956-жылы туулган эркек киши 1-даражадагы күйүк алып ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     22-АӨКБ

1 б

1 15:32 15:37 15:56 16:25 16:40   Жайыл району, Калинин айылы, Калинин көчөсү №8, гараждын 40 чарчы метр жыгач шыбы жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.     24-АӨКБ

1 б

1 00:42 00:44 01:06 01:58 02:05   Токмок шаары, 1-кичи району, №24 үй, жалпы аянты 120 чарчы метр болгон батир толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     1-ӨКБ

1 б

1 04:48 05:03 05:20 05:45 06:00   Аламүдүн району, Луговой айылы,  Алма-Ата көчөсү №513, турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач полу жана кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

6.     102-ӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

1 20:36

 

21:26

21:04

 

22:09

22:00 00:03 01:00

 

01:10

  Кара-Суу району, Чон-Талдык айыл аймагы, Эшме айылы, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 154 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

7.     36-ӨКБ

1 б

1 11:11 11:25 жеткенге чейин 12:00   Жети-Өгүз району, Оргочор айылы, Микеев көчөсү №2, турак үйдүн бөлмөсүндө жылыткыч жана төшөктөр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.     15-АӨКБ

1 б

1 б

1 б

1 15:15

 

15:15

15:45

15:18

 

15:18

15:49

15:55 16:58 16:26

 

17:25

16:59

  Каракол шаары, Алыбаков көчөсү №112, жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 60 чарчы метр чатыры, 20 түк чөп жана Алыбаков көчөсү №114 жайгашкан жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

Ош шаары

24-февралында саат 19:58де Ак-Тилек кичи районунда Кайырма каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, 1974-жылы туулган аттуу аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

24-февралында саат 21:31де КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан №44 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй  облусу

Токмок шаарында 24-февралында саат 16:14тө КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары В.И.Ленин көчөсүндө жайгашкан №395 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Жайыл районунда 24-февралында саат 19:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 2 оор жүк ташуучу “Вольво” үлгүсүндөгү унаалар жана 1 жеңил унаасы “Дэу-Нексия” жолдо тыгылып туруп калып, унаа тыгынын жараткан.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруучулары Урал унаасы менен барып, тыгылып калган унааларды жолго тартып чыгарып берген. Унаа тыгыны толук жоюлган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here