Бош мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыяланды

0
66 просмотров

Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

 Административдик мамлекеттик башкы жана улук кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

7)Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иштөө жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

— колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

— уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык коопсуздук.

Телекоммуникация жана маалыматтык технология башкармалыгы

Монтаждоо-эксплуатациялык бөлүмү

Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: автоматташтыруу жана башкаруу (стандарттыштаруу, сертификатташтыруу жана метрология) техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, электроника жана наноэлектроника, инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, колдонмо информатика, программалык инженерия  техникалык илимдер.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун .

3.2. Билгичтиги:

-метеорология сертификатто стандарттары боюнча документтерди билүү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-мамлекеттик   тилде эркин сүйлөө, кат алышуу  жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютрдик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Кызматтык милдеттери:

-метрологиялык иштерди, пландык тапшырмаларды иштеп чыгып, жаңы өлчөө техникаларынын киргизилүүсүн камсыздайт;

-Кыргызстандарт менен  мамлекеттик жана ведомстволук өлчөө каражаттарды текшерүү боюнча жылдык графикти макулдашат;

-Воейков атындагы ГГОнун базалык уюмдары  жана Кыргызстандарттын лабораториясы менен өз алдынча жумущ алып барат;

-ӨКтүн аралык текшерүүлөрүнүн  интервалынын аткарылышын карайт;

-стандарттар жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди иштеп чыгууну камсыздайт;

-Агентиктин байкоо тармактарында жаңы өлчөө каражаттарын иштеп чыгууну жүргүзөт.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— сунуш каттарын (мүмкүн болушунча);

— ден соолук абалы жөнүндө маалымкаты.

Сынака катышуу үчүн  жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Керимбекова  көч., 1, Персоналдар менен иштөө бөлүмү 1-кабат, каб. 2 тел.:0312 314699, 316535,316290.

Толук маалыматты  КР  ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Агенттиктин (www.meteo.kg) сайттарынан  алса болот.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here