Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму боюнча окуулар өткөрүлдү

0
31 просмотров

КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору облустук, райондук жана Бишкек, Ош шаарларынын Жарандык коргонуунун “Энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө” кызматынын штаб башчылары «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму» боюнча окуулар өткөрүлдү.

2020-жылдын 18-20-февраль күндөрү борборунун окутуучу курамы тарабынан окуулар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун негизинде, Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилген 2020-жылга каралган планга ылайык өткөрүлдү.

Бул окутууну уюштуруунун негизги себеби: Жарандык коргонуучулардын билим деңгээлдерин жогорулатуу, кырсыктын тобокелин төмөндөтүүдөгү иш-чаралар мерчемдерин түзүү, өзгөчө кырдаалдар катталган учурлара калкты жана аймактарды коргоодо өз убагында ар тармактуу жардам көрсөтүү болуп саналат.

Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Ошону менен бирге эле, 2020-жылга карата Жерине барып окутуу мерчеминин негизинде 2020-жылдын 17-февралдан 26-февралына чейин Ош шаарынын калкын табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда өзүн алып жүрүү жана коргоо эрежелери боюнча окуулар өткөрүлгөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here