2020-жылдын 26-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
90 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 27-28-февралдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

 2020-жылдын 26-февралынан 29-февралына күндөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 24-февраль күнү телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

26-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаары

 Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучу тартылып, 2012-жылы туулган баланын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3.  Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары

1.     12-АӨКБ

1 б

1 06:59 07:05 07:12 07:37 08:19 Ленинабадский көчөсү, Батирдин ашкана бөлмөсүнүн 15 чарчы метр шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Чуй облусу

2.     22-АӨКБ

1 б

1 15:43 16:11 16:20 22:50 23:20 Жайыл району, Өрүктү айылы, Спутник тилкеси. Ачык аянтта 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3.     24-АӨКБ

1 б

1 19:30 19:45 20:00 20:10 21:00 Чүй району, Искра айылы, Ачык аянтта 60 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат

Ош облусу

4.     109-ӨКБ

1 б

12-АӨКБ

1 б

1 19:38

 

19:46

19:45

 

20:00

20:15 20:30 21:38 Кара-Суу району, Папан айыл аймагы, Ак-Буура-1 айылы, 1-көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, 2 терезе жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Өрттүн кесепетинен 1956-жылы туулган эркек киши каза болгон. 2ствБ
5.     104-ӨКБ

1 б

1 02:45 03:00 03:15

 

04:50 05:10 Ноокат району, Төлөс айыл аймагы, Кеңеш айылы, Эсенбай көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 80 чарчы метр чатыры жана 4 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

6.     34-ӨКБ

1 б

1 16:38 16:40 16:41 17:18 17:27

Түп району, Каракол-Балыкчы унаа жолунун 24 чакырымында “БМВ-318” үлгүсүндөгү жеңил унаанын мотор бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here