Өрт коопсуздугун туура сактоо боюнча Ош облусунун мектептеринде атайын иш чара өткөрүлүүдө

0
67 просмотров

2020-жылдын 26-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорундагы мектептерде «Өрт чыкса эмне кылуу керек жана эмнелерди кылууга болбойт» деген темада лекция окулду.

Бул иш-чарага Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, мамлекеттик экотехинспекциясынын Өзгөн шаары жана Өзгөн, Кара-Кулжа райондор аралык регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте, Ылай-Талаа айыл өкүмөтүнө караштуу Арыкбай Осмонов орто мектебинде 165 окуучу 18 мугалимге,  өрт-коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаждар өтүлдү.

Ылай-Талаа айылынын тургундарына кыш мезгилине карата бөлмөлөрдү жылытууда өрт тобокелин болтурбоо, электр жылыткычтарды жана плиталарды, газ баллондорду туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери  жеринде  жүргүзүлүп, Өрт коопсуздук эрежелери камтылган сунуш баракчалары берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here