2020-жылдын 27-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
90 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 27-28-февраында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

 2020-жылдын 27-февралынан 29-февралына күндөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 24-февраль күнү телефонограммалар чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

27-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26-февраль күнү саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 2020-жылдын 26-февраль күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Чүй облусу

 Жайыл району. Куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1938-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 4 куткаруучу тартылган.

 Аламүдүн району. Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудукта (люк) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек кишинин жансыз денесин кудуктан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу

1.     27-АӨКБ

1 б

1 12:55 13:03 13:17 13:51 14:29 Ысык-Ата району, Ак-Кудук айыл аймагы, МТФ-1 тилкесинде ачык аянтта 2 га камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     27-АӨКБ

1 б

1 15:42 16:00 16:16 16:36 17:02 Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Кыгызавтомаш дачасында ачык аянтта 7 сотых куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

3.     53-ӨКБ

1 б

1 06:01 06:07 06:25 06:55 07:04 Өзгөн району, Жылалды айыл аймагын, Прогресс айылында турак үйдүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска туташуусу. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

4.     55-ӨКБ

1 б

1 13:40 13:43 13:45 13:49 14:10 Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Турдумбетов көчөсүндө 4 даана арча багы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     97-ӨКБ

1 б

1 б

1  

15:07

15:39

 

15:20

15:45

 

15:40

 

16:35

 

17:05

Токтогул району, Жаңы-Жол айыл аймагы, Кара-Жыгач айылы, Бүкөнай көчөсү, Жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска чыңалуусу. 4ствБ

Ысык-Көл облусу

6.     32-ӨКБ

1 б

1 22:13 22:34 22:55 23:05 23:30 Ысык-Көл району, Тамчы айыл аймагы, Чоктал айылы, Калинин көчөсү, Турак үйдүн, морусунун 10 чарчы метр айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
7.     38-ӨКБ

1 б

1 04:40 04:43 04:53 06:35 06:56 Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Абдразаков көчөсү, Жыгач устундуу тунике жабылган сарайдын 48 чарчы метр чатыры жана 85 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here