Ош шаарынын коркунучу бар аймактарынын жашоочулары кырсыктан сактануу боюнча окуудан өтүшү

0
32 просмотров

2020-жылдын 17-февралынан 26-февралына чейин Ош шаарынын коркунучу бар аймактарында жашаган калкка көчмө сабактары уюштурулду.

Ош шаарынын кооптуу аймактарда (жардын урап кетүүсү, селдин ташкындоосу, жана жер көчкү болуп кетүү коркунучу бар аймактарда) жашаган калкына өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыккан кырсык учурунда аракеттерине, өзүн өзү алып жүрүү коопсуздук эрежелерин үйрөтүү боюнча окуулар жеринде  өткөрүлдү.

Ош шаарынын №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында (мындан кийин МАБ) план боюнча 100 адам, бирок 84 адам окутулду, №2 “Сулайман-Тоо” МАБда 578 адам, №3 “Керме-Тоо” МАБда 134 адам, №4 “Манас-Ата” МАБда 297 адам, №5 “Амир-Темир” МАБда 522 адам, №6 “Курманжан-Датка” МАБда 234 адам жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Орке, Озгур жана Төлөйкөн айылдарында 374 адам окутулду.

Жалпысы болуп 2253 адам окутулду.

КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун 2020-жылга Кыргыз Республикасынын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкка көчмө сабактарынын планынын негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here