Шахмат федерациясынын өкүлдөрү ӨКМдин аскер бөлүгүнө барышты

0
25 просмотров

2020-жылдын 26-февраль күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына шахмат федерациясынын өкүлдөрү куткаруучулар менен жолугушту.

Ош облусунун жана Ош шаарынын шахмат федерациясынын президенти Абдыкайым уулу Марат жана федерациянын вице-президенти Айнура Абдулазизова Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын мөөнөттүү аскер кызматкерлер менен жолугушуп, өтүп кеткен 23-февраль «Ата-Мекенди коргоочулардын күнү» менен куттуктап, оор кесипти аркалап келе жаткандыгы жана аскер турмушунун татаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизге дем күч берип кайтышты.

Алдыда боло турган мелдештерге даярдануунуга жана катышууга чакырып, 6 шахматтык доскасын белекке беришти.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here