2020-жылдын 28-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
89 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 28-февраында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

 2020-жылдын 28-февралынан 29-февралына күндөрүндө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 24-февраль күнү №02-34/147-Т жана №02-34/148-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

28-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

 Кара-Көл шаары.  2020-жылдын 27-февраль күнү саат 20:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 406-чакырымында жолго үч чоң таш түшүп, айдоочуларга тоскоолдук жараткан, жол жабылган эмес. Жабыркагандар жок.

 Жерине КР ӨКМнен 3 куткаруучу, №30 ЖТИден 1 автокран, 1 жүктөгүч жана 3 кызматкер тартылып,  саат 00:00дө унаа жол толук тазаланган.

Сейсмологиялык абал боюнча

 КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 21:00дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     8-АӨКБ

1 б

 

1 07:59 07:57 08:05 08:25 08:54   Биринчи Май району, Баялинов көчөсү, “Мазда” үлгүсүндөгү  унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     28-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

1 01:37

 

02:00

01:49

 

02:14

02:55

 

 

04:23

 

04:11

 

04:45

  Ленин району,  Киргизия конушу, Кожомкул көчөсү, Эки кабаттуу турак үйдүн, экинчи кабатында 150 чарчы метр жыгач шыбы жана гипсокартон дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

3.     3-АӨКБ

1 б

1 00:57 01:02 01:09 01:21 01:55   Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Гагарин көчөсү. Ашканада электр жылыткыч жана ашкана эмеректери  күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

4.     31-ӨКБ

1 б

1 07:59 08:03 08:17 08:23 08:55   Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү. Турак үйдө электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

5.     78-ӨКБ

1 б

1 10:06 10:09 10:12 10:19 10:35   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы. Ч.Айтматов көчөсү. “Daewoo-Tico” үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

6.     68-ӨКБ

1 б

1 15:21 16:35 16:53 18:16 19:52   Алай району, Кабылан-Көл айыл аймагы, Күнгөй айылы. Аянты 108 чарчы метр үч бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ

Баткен облусу

7.     26-ӨКБ

1 б

1 21:53 21:57 22:21 22:30 23:07  

 

Баткен шаары, Курманжан Датка көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Талас облусу

8.     100-ӨКБ

1 б

1 01:01 01:15 01:35 03:40 04:25     Манас району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кенеш айылы, Алдашүкүров көчөсү. Короодо 1,5 тонна жыйылган жана 50 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here