Бир суткада 2 жолу жер титирөө катталды

0
87 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 Ошол эле күнү саат 21:00дө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

 Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here