2020-жылдын 2-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
262 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 2-мартынан 4-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга ошондой эле, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Алдын ала даярдыктардын негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 28-февраль күнү №02-34/165-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз жаан-чачын күтүлбөйтТоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

 КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 07:48де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Ордо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма, Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     4-АӨКБ

1 б

1 18:28 18:34 18:37 18:47 19:08   Ленин району, Пушкин/Бобулов көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда таштандылар  күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     6-АӨКБ

1 б

1 22:05 22:08 22:15 22:20 22:30   Биринчи Май район, Кайназаров-Троицкий кочөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда таштандылар күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     4-АӨКБ

1 б

1 03:26 03:30 04:06 04:43 04:53   Ленин району, Лагерный көчөсү. Турак үйдө газ балон жарылган. Жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял киши (үйдүн ээси) 2-3 даражадагы күйүк алып 4- оорукананын күйүк  борборуна жеткирилген.  Өрттүн себеби такталууда.     1ствБ
4.     4-АӨКБ

1 б

1 04:07 04:18 04:18 04:24 04:43   Ленин району, Тыналиев көчөсүндө жолдун жээгинде дөнгөлөктөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош шаары

5.     13-АӨКБ

1 б

1 06:37 06:39 06:40 06:41 07:09   Раззаков көчөсү, Унаа жуучу жайда электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска тутташуусу. кол каражат

Чүй облусу

6.     27-АӨКБ

1 б

1 15:53 16:03 16:23 16:36 16:46   Ысык-Ата району, Кант шаары, Жол жээкте аянты 1га камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

7.     83-ӨКБ

1 б

1 13:19 13:25 14:05   Майлуу-Суу шаары, Саматова көчөсү, үй №2. Электр плитасында тамак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
8.     30-АӨКБ

1 б

1 14:30 14:39 14:48 15:08 16:59   Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы, Кызыл-Жар айылы, Алибеков көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабыдган сарайдын 10 чарчы метр чатыры, 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош облусу

9.     53-ӨКБ

1 б

1 04:34 04:44 04:55 05:00 05:47   Өзгөн району, Дөн-Булак айыл аймагы, Питомник участкасы. “ХОНДА CRV” үлгүсүндөгү унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Талас облусу

10.                     17-АӨКБ

1 б

1 19:39 19:55 20:07 20:40 20:58  

Талас району, Орто-Арык айылы, Самаган көчөсү. Токойдо 1000 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here