Жалал-Абад облусунун аймагында кырсыктардын алдын алуу иштери жүрүүдө

0
154 просмотров

 Жалал-Абад облусу өлкөбүздүн эң көп табийгый өзгөчө кырдаалдар катталган облустардын катарына кирет. Табийгый өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын көпчүлүгү жер көчкү, сел, суу ташкындары, шамал жана жер титирөө.

 ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы сел, суу ташкындарынан, жер көчкү жана сел кырсыктарынан алдын алуу максатында  облус аймагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

 Маселен, Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Мамараим сел каналын 400 метр, Сузак айыл аймагынын Достук айылындагы сел өтүүчү каналын 500 метр жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон сел арыгын 1360 метр аралыгынын тазалоо жумуштары аяктады.

 Ошондой эле, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында Көк-Арт дарыясынын 700 метр аралыгын нугун буруу жумуштары аяктады.

Бүгүнкү күндө, Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Питомник тилкесиндеги Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бекемдөө жана Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы Ачы-Сай сайынын нугун тазалоо жумуштары башталды.

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here