Дарыянын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

0
215 просмотров
 2020-жылга карата «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш чаралар мерчеминин негизинде Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагынын Чүй-Интернат айылында Бурана дарыясынын нугун тереңдетүү жана жээктерин бекемдөө иш чаралары жүрүүдө.
 Дарыянын жээгин бекемдөө менен 65 турак-жай, 1 мектеп жана айдоо жерлер суу каптоо коркунучунан корголот. Аларды алдына алуу иштерин аткаруу менен кырсыктардын коркунучун жоюу бул өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги максаттары болуп эсептелет.
Кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, сел жана суу ташкындарын алдын алуу максатында жыл сайын аткарылуучу иш-чаралар мерчеминин алкагында иштер жүргүзүлуп келет.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here