2020-жылдын 4-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
115 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 4-мартында, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу участкасы), 63-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 2020-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 5-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4° сууктан +1° жылуулукка чейин,  күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо  түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-ж. 28.02. №02-34/165-Т,  2020-ж. 03.03. №02-34/172-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

4-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Жалал-Абад облусу     

 Ноокен району. 2020-жылдын 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Бүргөндү айылы) “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

 КР ӨКМнен 4 куткаруучу, тез жардам жана ИИМ кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денелерин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     6-АӨКБ

1 б

1 17:17 17:30 17:40 17:47 17:58 Ленин району,  Товарная көчөсү №550. Жыгач устундуу шифер жабылган  кампанын 1 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат м-н

Чүй облусу

2.     21-АӨКБ

1 б

1 17:38 17:55 19:36 20:57 21:17 Чүй району, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 61-чакырымында ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here