Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 7 адам каза болду

0
56 просмотров

  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2020-жылдын 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Бүргөндү айылы) “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

 Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

 Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 куткаруучу, тез жардам жана ИИМ кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денелерин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here